Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:09

Социал-демократтар ЖКнын сессиясынын ачылышына катышпайт


Алар бул учурда Жогорку Сотто болушат. Бул тууралуу социал-демократиялык фаркциянын мүчөсү, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, 1-сентябрда Жогорку Сотто Балыкчы окуясында кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыз каралат. Социал-демократтар үчүн адилет шайлоо талап чыгып Балыкчыда кармалган 14 адамдын тагдыры өзгөчө мааниге ээ. “Ошондуктан биз 1-сентябрда сотто болобуз”,- деди Карамушкина. Белгилүү болгондой Социал-демократиялык фракциянын депутаттары бүгүн жыйын куруп, анда мына ушундай чечим кабыл алышты.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG