Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:55

Өкмөт башчы акча жыйноону токтотууну талап кылды


Өткөн ишемби күнү болуп өткөн өкмөттүк жыйында премьер-министр балдардын ата-энелеринен акча чогултуу дагы деле уланып жаткандыгын айтып, билим берүү министринен муну токтотууну талап кылды. Игорь Чудинов Кыргызстанда билим берүү акысыз деп Башмыйзамда жазылып турган соң, ата-энелерден балдардын билим алгандыгы үчүн эч кандай акча каражат чогултулбашы керек деп билдирип, буга облустардын губернаторлору, шаар мэрлери, акимдер жана башка жергиликтүү бийлик ээлери да жоопкер болорун эскертти. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өткөн жумада бир катар бейөкмөт уюмдар мектептерге баланы орноштуруу үчүн ата-энелерден 4 миң сомдон тартып 10 миң сомго чейин акча талап кылынарын, мындан тышкары ар кандай жыйымдар үчүн акча чогултулуп келе жаткандыгын айтып чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG