Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:11

Жогорку Сот Балыкчы окуясында камалгандардын ишин карайт


Бүгүн Жогорку сотто Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алынган 14 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттарынын арызы каралмакчы. Бул тууралуу “Азаттыкка” адвокат Сартбай Жайчыбеков кабарлады.
Белгилүү болгондой 7-августта Ысык-Көл облустук соту Балыкчы окуясы боюнча камалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү арызын четке каккан.

23-июлдагы президенттик шайлоодогу мыйзамсыздыктарга каршы чыккан 14 кишиге Конституциялык түзүлүшкө шек келтирди, президенттик шайлоо өткөрүүгө тоскоолдук кылган, баш-аламандык кылган деген айыптар менен кылмыш иши козголуп, камакка алынган.

KP президентин шайлоону эки талапкер Алмазбек Атамбаев менен Жеңишбек Назаралиев мыйзам бузууларды бийлик өзү уюштуруп жатат деген жүйөө менен легитимсиз деп таанып, добуш берүү күнү ага катышуудан баш тартышкан. Шайлоо чындыгында өтө одоно мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн, бул добуш берүүлөр демократиянын талаптарынан тыш, ЕККУнун стандарттарына туура келбеген ыкмалар менен өткөрүлгөндүгүн ЕККУнун байкоочулар миссиясы жана эл аралык ЕНЕМО уюмунун байкоочулары да билдиришкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG