Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:44

Берлинде Ирандын өзөктүк программасы талкууланды


Франциянын президенти Николя Саркози жана Германиянын канцлери Ангела Меркел Ирандын өзөктүк программасын талкуулашты. Берлинде өткөн жолугушууда Саркози менен Меркел айым Иранга каршы санкцияларды катаалдаштыруу тууралуу сүйлөштү. Эгерде Тегеран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча эл аралык коомчулуктун талабын аткарбаса, Франция жана Германия дүйнөнү Иранга карата катаал чектөө киргизүүгө чакырарын Николя Саркози билдирди. Өз кезегинде Меркел айым Берлин менен Париж бул маселеге олуттуу карарын белгиледи. 2-сентябрда БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу 5 мүчөсү жана Германия Ирандын өзөктүк программасынын айланасындагы кырдаалды талкуулоо үчүн чогулат.

XS
SM
MD
LG