Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:37

Тегерандык “касап” кызматынан жогорулады


Ирандын сот бийлигин башчысы Тегерандын мурдакы прокурору Саед Муртазавини өлкөнүн башпрокуроруна орун басар кылып дайындады.

Муртазави учурада реформачылардын үстүнөн жүрүп жаткан сотто, көптөгөн реформачыл гезиттерди жабууда, ошондой эле 12-июндагы президенттик шайлоодон кийин интеллектуалдар менен оппозиция активисттерин камоодо негизги роль ойногон.

Иран - оппозиция тарапкерлеринин соту
29-августта Тегерандын прокурорлугунан алынып, эртеси эле Ирандын орун басар башпрокурору болуп дайындалган 42-жаштагы Саед Муртазави “Басма сөздүн касапчысы” деген лакап ат менен белгилүү. Анын буйругу менен 100дөн ашуун реформачыл басылмалар жабылып, журналисттер жана блоггерлер соттолуп, эркинен ажыратылган. Алардын бири, Нью-Йоркто жашаган ирандык журналист Рузбек Мирибрагими 2004-жылы калемдештери менен чогуу жалган жалаа менен соттолгон. Бул сот реформачыл саясатчыларды бөтөн өлкөнүн пайдасына тыңчылык кылды деп күнөөлөө максатында өткөрүлгөн.

Саед Муртазави “Басма сөздүн касапчысы” деген лакап ат менен белгилүү.
Мирибрагиминин эсинен Муртазавинин сурак учурунда аны кыйнаганы жана үй-бүлөсүн өлтүрөм деп коркутканы алиге чыга элек:

- Мен Муртазави менен көп ирет түрдүү жагдайда жолуккам. Ал мени кызматташууга мажбурлап, өзүмдү жана үй-бүлөмдү капылет кырсыкта өлөсүңөр деп коркуткан.

Муртазави, маалыматтарга караганда, 2003-жылы түрмөдө алган жараатынан өлгөн канадалык фотожурналист Захра Каземини камоонун демилгечиси болгон. Теги ирандык Захра Эвин абагынын алдындагы нааразылык акциясын тартып жатканда кармалган. Муртазави 12-июндагы президенттик шайлоодон кийинки тынч демонстрацияга катышкан ондогон аял активистерди, жумушчуларды жана реформачыларды “баркыт ынкылабын” уюштурмак болушту деп камоого да жооптуу экенин айтылат.

Ирандык белгилүү укук коргоочу Мохаммад Сеифзаде бийлик алмашса, Муртазави соттолууга тийиш деп эсептейт:

- Эгер система алмашса, Муртазави жоопко тартылыш керек. Ал мамлекеттик прокурордун орун басары болуп дайындалбашы лаазим. Дисциплинардык сот аны кызматка койдурбоосу шарт. Ал сотто мурда жасаган көптөгөн иштери үчүн түшүндүрмө бериши абзел.

12-июнда өткөн президенттик шайлоодон кийин массалык нааразылык акциялары башталган. 15-июнь, 2009-жыл
Ирандык көзкарандысыз адвокаттар, укук коргоочулар жана реформачылар Муртазавини жоопко тартууга чакырып келишсе да, ал кебелбей жүрөт. Кээ бир серепчилер Муртазавини Ирандык руханий көсөмү, аятолла Хаменейи жана айрым диний жетекчилер колдоорун айтышат.

Тегерандык адвокат Немат Ахмадинин пикиринче, Муртазавини кызматтан алуу жана шайлоодон соңку калабаларды иликтөө боюнча атайын комитетти түзүү - таанымал реформачыларды абактан чыгарууга өбөлгө болот.

Бул пикирге Сеифзаде кошулбайт. Анын боолгошунча, жүрүп жаткан соттун максаты-өлкө жетекчилгине кирген оппозицияны жок кылуу.

XS
SM
MD
LG