Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:51

Балыкчыда кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү каралууда


Бүгүн Жогорку Сотто 23-июлда Балыкчы шаарында таза жана адилет шайлоону талап кылып мэрияга келген учурда кармалган адамдардын баш коргоо чарасын өзгөртүү маселеси каралууда. Азыркы мезгилге чейин абакта 14 киши калууда. Алардын бирөөсү бөйрөк ооруусуна байланыштуу ооруканага жаткырылганы кечээ кабарланган. Бийлик бул адамдар конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө аракет жасаган деп айыптоодо. Оппозиция өкүлдөрү бул айыптоону четке кагып жатат.
Жогорку Сот камактагы 14 кишинин баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арыздарды үчкө бөлүп, аларды кароону үч коллегияга тапшырган. Соттук бир коллегия айрым арыздарды карап, ал боюнча чечим түштөн кийин саат үчтө угузулаарын жарыялады. Калган эки соттук коллегия арыздарды кароону баштай элек. (AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG