Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Токтогул районунда сел жүрдү


Кечээ түштөн кийин болгон селдин айынан райондун Жаңы-Жол айылындагы турак-жайлар 60 миң сомдон ашык зыян тартты. Бул тууралу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, 31-августта аталган айылдын Живпром кыштагындагы 2 турак-жайдын үй алдындагы жери менен чарбалык курулуштарын суу баскан. Комсомол айылында селге 3 үйдүн короосу туш болгон. Селдин айынан кыйроолор жана жапа чегүүлөр болгон жок. (YA)

XS
SM
MD
LG