Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:34

Балыкчыда кармалгандардын тагдырын сот чечет


Жогорку Сот Балыкчы окуясында кармалгандардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды бүгүн кароодо. Үч коллегияга бөлүнүп карап жаткан судьялардын бир коллегиясы төрт киши боюнча чечим чыгарды. Ал чечимге ылайык кармалгандардын иши Балыкчы шаардык сотуна өткөрүлгөнүнө байланыштуу алардын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча иш кыскартылды. Жогорку Сот төрт кишинин тагдырын Балыкчы шаардык соту чечет деген бүтүмгө келди. Калган 10 адам боюнча чечим түштөн кийин чыгарыла турган болууда.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG