Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:11

Өкмөт тышкы соода үчүн “Бирдиктүү терезе” түздү


Өкмөт башчы Игорь Чудинов кол койгон токтом менен өлкөнүн тышкы соода тармагын тейлей турган “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик ишканасы түзүлдү. Анын жетекчилигине Аскат Сеитбеков дайындалды. Экономика жана өнүктүрүү министрлиги башка тийиштүү комитет, тармактар менен биргеликте бул ишкананын жобосун иштеп чыгууга тийиш. Жаңы мекеме импорттук-экспорттук иштерди аткарууда уруксат, лицензияларды алууну тездетүүгө тийиш. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG