Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Ошто карызы көптөрдүн газы эскертүүсүз өчүрүлүүдө


«Ошгаз» башкармалыгынын жетекчиси Маматкалык Аматов «Азаттыкка» маалымдашынча, жыл башынан бери көгүлтүр отту пайдаланган акысын туруктуу төлөбөгөндөрдүн саны 1500 кишиден ашты. Булардын арасында райондук жана облустук деңгээлде жетекчи кызматтарда эмгектенгендер да бар. Мунун айынан жалпы калктын ишканага бересеси 70 миллион сомду чапчыды. Ири өлчөмдөгү карызкорлордун тизмеси гезиттерге жарыяланып, алар толук толук эсептешип бүтмөйүнчө, газ берүү токтотулду.

Бирок облустун бир катар тургундары мындай саясатка каршылыгын билдирип, көгүлтүр от акысын убагында өндүрбөгөндүгү үчүн «Ошгаз» ишканасын айыпташууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG