Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:57

Мамлекеттик бюджет зыянга учуроодо


Эсеп палатасы үстүбүздөгү жылдын 8 айында ар түрдүү жолдор менен мамлекеттик бюджетке 215 млн. сомдук чыгаша келтирилгенин аныктады. Анын ичинен 80 млн. сому кайра калыбына келтирилген. Эсеп палатасынын төрагасы Искендер Гаипкуловдун маалыматы боюнча мынчалык өлчөмдөгү чыгым жыл башынан бери 552 бюджеттик ишканаларда жүргүзүлүп келген текшерүүлөр мамлекеттик мүлктү менчиктеп алуу жана туура эмес пайдалануунун натыйжасында болгонун аныктаган. Буга байланыштуу 17 мамлекеттик кызматкер соттолуп, бир катары кызматынан алынган, 230 аткаминерге эскертүү берилген. Быйылкы жылы мамлекеттик бюджетке келтирилген чыгым өткөн жылга салыштырмалуу азайганы белгилүү болду, деп маалымдайт Эсеп палатасынын басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG