Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

Өзбекстан Кыргызстан менен чегарасына жарандык күзөт орнотууда


“Өз үйүңдү жана айлыңды корго” деген аталыш менен кыргыз-өзбек чегарасында жайгашкан айыл тургундарынан күзөтчүлөр жалданылып жаткандыгын Өзбекстан менен чектеш жайгашкан Чек айлынын атын атагысы келбеген тургуну “Азаттыкка” кабарлады. Анын айтуусунда негизинен 18 жаштан 35 жашка чейинки жаштар экиден-үчтөн болуп чек ара постторунда чек арачы жоокерлер менен жана өздөрүнчө айылдарды кыдырып жүрүшөт. Алардын кийимдери жарандык болгону менен жергиликтүү тургундардан турган чек арачы топтор бейтааныш жана шектүү деп кабыл алынган кишилерди суракка алууга жана текшерүүгө укуктуу. Чек айлынын тургуну өзбек бийлигинин мындай кадамы жергиликтүү элге экстремизмден сактануу максатында болуп жатканы менен түшүндүрүлгөнүн кабарлады. Ал ошондой эле бул иш-чара күзүндө күчөөчү пахта жана башка эгиндин түшүмүн Кыргызстан тарапка чыгарбоо үчүн болуп жаткан иш деген божомолун кошумчалады.

Кечээ Орусиялык “Интерфакс” маалымат агенттиги Өзбекстан Кыргызстан менен чек арасына жергиликтүү тургундардан турган күзөт бекеттерди орнотуп жаткандыгын Кыргызстандын түштүгүндөгү бейөкмөт уюмдун маалыматына таянып кабарлаган. Агенттиктин маалыматы боюнча учурда мындай күзөт бекеттердин саны жүз кырктан ашты.

Кыргыз чек ара кызматы жана тышкы иштер министрлиги өзбек тараптын мындай иш-аракеттери тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Расмий Ташкент Кыргызстан менен чек арасын 27-августтан 10-сентябрга чейин жапкан. Мындай кадамын өлкөнүн эгемен күнүн жана Ташкент шаарынын 2200 жылдыгын белгилөө менен түшүндүргөн.

Буга чейин маалымдалгандай 29-августта өзбекстан эгемен күнүн майрамдоо алдында Ташкенде милиция менен куралчан топтун ортосунда атышуу болуп, андан кишилер өлгөнү кабарланууда. Өзбек бийлиги азырынча бул окуя боюнча эч кандай маалымат же комментарий бере элек.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG