Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Sky Europе аба компаниясы банкрот болду


Австрия-словакиялык Sky Europе аба компаниясы банкрот болгонун жарыялады. Sky Europе компаниясы Европа боюнча арзан учак билеттерин сатканы менен белгилүү болчу. Батыш басма сөз каражаттарынын маалымдашынча, миңдеген жүргүнчүлөр мурдатан сатып алган билеттерин колдоно албай калышты. Sky Europе карыздарын төлөй албаган үчүн августтун ортосунда Венанын аэропорту бул компаниянын учактарын тейлөөдөн баш тарткан. 1-сентябрда Прага жана Братиславанын аэропорттору ушундай кадамга барган.

XS
SM
MD
LG