Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:02

Иран дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүгө даяр


Иран өзүнүн өзөктүк программасы боюнча дүйнөлүк державалар менен сүйлөшүүлөрдү жандандырууга даяр. Бул тууралуу Ирандын өзөктүк программасы боюнча өкүлү Саид Жалили билдирди. Ирандын араб тилдүү “ал-Алам” сыналгысынын кабарлашынча, расмий Тегеран бул маселе боюнча жаңы сунуштардын топтомун даярдады. АКШ президенти Барак Обама эгерде Иран ушул айдын аягына чейин сүйлөшүүлөрдү жандандыруу тууралуу чакырыкка жооп бербесе, анда Тегеранга каршы жаңы санкциялар киргизилерин эскерткен. Батыш өлкөлөрү Иран өзөктүк курал өндүрүп жатат деп ырастаса, Тегеран мындай дооматтарды четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG