Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Ж.Беккулуевди өткөрүп берүү маселеси каралууда


Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Прокуратуранын маалыматына караганда, 19-июнда Германиянын Нюрнберг шаарында кармалган Кыргызстандын жараны Жумагали Беккулуевди өз өлкөсүндө кылмыш кылганга шектүү делип, аны жоопко тартуу жана Кыргызстанга өткөрүп берүү өтүнүчү менен Башкы прокуратура Нюрнберг шаарынын коомдук башкы прокуратурасына кайрылган. Бирок немецтер тараптан жооп болгон эмес. Ал эми Евгений Акмеев Орусиянын жараны болгондуктан Орусиянын Конституциясына ылайык аны өткөрүп берүүгө жана жоопко тартууга болбойт. “Бул боюнча “АКИ-пресс” агенттигинин сайтына чыккан маалымат чындыкка коошпойт”,- деп айтылат маалыматта. Аталган агенттикке үстүбүздөгү жылы май айында белгисиз адамдар тарабынан атып өлтүрүлгөн, президенттин иш башкармалыгынын мурдагы кызматкери Акбар Кудуретовдун иниси Кубанычбек Кудуретов “агасын өлтүрдү делип шектелип жаткан Жумагали Беккулуевди Германиядан өз өлкөсүнө алып келүү маселесин кыргыз тарап создуктуруп жатат”,-деп билдирген. Маалыматта Германияда кармалган Ж.Беккулуевди Нюрнбергдин укук коргоо органдары 19-сентябрда бошотуп жибериши мүмкүн экендиги айтылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG