Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:25

Польша элчиси Сузакта эскерүү тактасын орнотту


Польшанын Казакстандагы элчиси Павел Чеплак Жалал-Абат облусунун губернатору Кошбай Масиров менен кездешти. Тараптар II дүйнөлүк согушта кыргыз жана поляк элдеринин кошкон салымын белгилешти. Павел Чеплак Сузак районунда болуп, 1942- жылы поляк генералы Владислав Андрестин дивизиясы жайгашкан жерге мемориалдык тактай орнотту. Согуштан кийин Жалал-Абат жана Ош облустарында 114 поляк жараны калып кеткен. Былтыр эскерүү тактайы согуш маалында польшалыктар үчүн аскер госпиталы болгон Жалал-Абат мамлекеттик университетине да кадалган болчу. Учурда облус борборунда поляктар таазим этчү католик чиркөөсү бар. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG