Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:34

СДП фракциясына А.Азранкулов кошулушу мүмкүн


СДПнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, парламенттеги СДП фракциясынан мандатын таштаган депутат Мурат Жураевдин ордуна, аталган партиянын Чүй облусу боюнча координатору Айбек Азранкулов келиши мүмкүн. Ошондой эле бүгүн СДП фракциянын депутаттары өз ара жолугушуу өткөрүштү. Кечээ Жогорку Кеңештин күзгү сессиясы ачылып, ага президент Курманбек Бакиев катышып башкаруу систмасын реформалоо жөнүндө билдирүүсүн жарыялаган. Ал күнү СДП фракциясы Жогорку Сотто Балыкчыда кармалган 13 адамга байланыштуу сот иши каралганынан улам парламент отурумуна катышкан эмес. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG