Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:04

Р. Жээнбеков: Бизге кардиналдык реформалар керек


Учурда АКШда жашап жаткан кыргызстандык саясатчы Равшан Жээнбеков президенттин кечээки билдирүүсү боюнча суроолорго жооп берди.

- Акыркы эки айдан бери саясий айдыңда атыңыз чыкпай калды. Минтип тыныгуу алууңузга эмне себеп болду?

- Жайында бир эле мамлекеттик уюмдар эмес, саясатчылар дагы эс алышы керек да, мен дагы жайы менен эс алып, азыр эми кайрадан саясатка киришели деп турабыз.

- Бирок бул жай саясий иш-чаралар жагынан да, аба ырайы жагынан да аптаптуу жай болду деп айтсак болот, шайлоо болду дегендей?

- Туура, бул жай аябай маалыматтарга, окуяларга бай жайлардын бири болду. Бирок бул жайда биздин саясатчылар дагы, мамлекеттик уюмдар дагы эч нерсе өзгөртө алган жок. Ошондуктан активдүү болгонунун эч кандай зарылчылыгы жок болчу.

- Президенттик шайлоо алдында өзүңүз мүчө болгон “Ата Мекен” партиясы Социал-демократиялык партияны колдоо тууралуу чечимин кубаттабаганыңыз байкалды. Буга кандайдыр бир себептер болдубу?

- Албетте, мен саясатчы катары өзүмдүн көз-карашым болду. Мен биздин партия колдогон адамды ачык колдогон жокмун. Анткени менин өзүмдүн көз-карашым бар, ошондуктан саясатка активдүү киришип, ал адамды колдоодон баш тарттым.

-Алыста туруп Кыргызстандагы окуяларга байкоо салып жүрөсүз, президент Бакиевдин кечээ парламентте айткан башкаруу системасын реформалоо тууралуу сөзүн кандай кабыл алдыңыз?

- Мурдагы өкмөттө бир топ жыл иштеген адам катары айтаар элем. Кайсы гана президент болбосун мамлекетти оңдогонго, реформаларды жүргүзүүгө качан болсо дагы мүмкүнчүлүгү бар. Мен ойлойм, азыркы президентибиздин дагы төрт жыл убакыт өткөнүнө карабастан мүмкүнчүлүгү бар деп айта алам. Албетте Кыргызстандын жараны, же саясатчы катары мен да президенттин кечээки сөзүнө ишенип, чоң үмүттөрдү байлап атам.

- Реформалар улам-улам эле бири аяктай электе экинчиси башталып кетип аткан жокпу, айтайын дегеним, жыл башында эле коомдук палата түзүлгөн эле. Ошол мезгилде президент Курманбек Бакиев өзү жарандык коом менен, элдин өкүлдөрү менен иштешүү максатында ошол палата түзүлгөнүн айткан болчу. Эми болсо президенттик кеңешме, жогорку курултай дегендер түзүлөт деп айтты.


- Эгерде биз 18 жылдык тарыхыбызга карай турган болсок, албетте биздин мамлекетибизде бир топ реформалар болгон. Бирок ар биринин сөз жүзүндө гана калганы болбосо, иш жүзүндө бири дагы ишке ашкан эмес. Бирок ошентсе дагы кечээ президенттин айкан эки нерсесине көңүл бургум келет. Биринчиси - мамлекеттик башкаруу системасына, экинчиси - билим берүү тармагына реформа жасайм дегени. Экөөнү эки бөлөк карай турган болсок, албетте мамлекеттик башкаруу системасына реформа керек.

Бирок мамлекеттик башкаруу системасын реформалап туруп эле, башка тармактарды реформалабай кое турган болсок, анда сиз айткандай, реформалар сөз жүзүндө гана калып калат. Президент айтып атат, биз бизнеске карай мамиле жасай турган өзгөчө өкмөт пайда кылабыз деп. Эгерде өкмөт жакшы иштеп, ал эми соттор менен укук коргоо органдары Орусиянын президенти Медведев айткандай, бизнести “ашмалтайын” чыгара бере турган болсо, анда ал реформанын эч кандай жыйынтыгы чыкпайт.

Ошондуктан биз системалуу түрдө кадам артынан реформалардын бардыгын жасашка туура келет, эгерде реформа жасай турган болсок. Бир эле башкаруу системасын реформалоо бул жетишсиз. Экинчи, эгерде биз келечек муундарыбызды, мамлекетибизди өнүктүрөбүз дей турган болсок, дүйнөлүк рынокто, дүйнөдө жаштарыбыз келечекте билимдүү жаштардан болсун дей турган болсок, анда сөзсүз түрдө билим берүү тармагын реформалашка туура келет. Мына өкмөт дагы өзү айтып атат, Жалал-Абатта 400, Ошто 700 мугалим жетишпейт, ал эми Бишкекте болсо 75 миң адам окуй турган мектепте, азыр 100 миң адам окуп атат, анан биз кайдагы билим берүү тармагы жөнүндө сөз кыла алабыз. Албетте бизге сөзсүз түрдө кардиналдык реформалар керек.

- Маегиңизге рахмат!
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG