Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:53

Алтынбек Итибаевдин соту башталат


Депутат Санжар Кадыралиевди атып өлтүргөн деп шектелип жаткан Алтынбек Итибаевдин иши 4-сентябрда Бишкектеги Свердлов райондук сотунда каралат. Бул тууралуу “Азаттыкка” А. Итибаевдин адвокаты Токтогул Абдиев маалымдады.
Белгилүү болгондой үстүбүздөгү жылдын 14-апрелинде ЖК депутаты Санжар Кадыралиевди Бишкектеги өз үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып өлтүрүшкөн. Бул ишке байланыштуу шектүү делип, депутаттын мурдагы таанышы Алтынбек Итибаев кармалып камакка алынган. Ага мамлекеттик ишмердин өмүрүнө кол салган, деген айып тагылууда.

А. Итибаевдин туугандары депутаттын өлүмүнө анын эч кандай тиешеси жоктугун белгилеп, кечээ президент Курманбек Бакиевге кайрылуу жолдошту.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG