Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:22

Бүгүн парламенттин жалпы отуруму башталат


Анда депутаттар 17-мартты Аксы окуясында каза тапкандарды эскерүү күнү деп белгилөө тууралуу мыйзам долбоорун карашат. Аталган мыйзам долбоору “Ак жол” фракциясынын депутаты Бейшенбек Абдырасаков тарабынан сунушталууда. Кечээ парламенттеги көпчүлүктү түзгөн фракция бул маселени карап, толугу менен долбоордун авторун колдоого алышты. Ал эми Коммунисттер фракциясы Аксы окуясы боюнча бир дагы милиция кызматкери жана аткаминер жазаланбаганын айтып, буга байланыштуу суроону Жогорку сот менен Башкы прокуратурага жолдоо сунушун бүгүнкү жалпы отурумда киргизүү чечимин кабыл алышкан.

Белгилүү болгондой 2002-жылы 17-18-мартта Аксы районунда Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилгенине каршылык билдирип, жөө жүрүшкө чыккан элди милиция күч менен тараткан. Кагылышта 6 адам милициянын огунан, бирөө таяктан каза тапкан.

Бүгүнкү жалпы отурумунда депутаттар мындан тышкары дагы бир катар маселелерди карашы күтүлүүдө. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматынан кабарлашты.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG