Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:53

Г.Султаналиева мектеп көйгөйүн көтөрдү


Жогорку Кеңештеги Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Гүлжамал Султаналиева окуу жылы көйгөйлөр менен башталып, көптөгөн балдар мектеп босогосун аттай албай калганын парламент отурумунда билдирди. Анын айтымында, Билим жана илим министри Абдулда Мусаевдин буйругу менен жалпы билим берүү мектептеринде окуучулардын ата-энелеринен ар кандай акча төлөмдөрдү чогултуу токтотулсун дегенине карабай, акча чогултуу мурдагы бойдон эле калууда. Г.Султаналиева ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча мектепке барбаган балдардын саны 40 миң балага жеткенин, расмий эмес маалыматтар боюнча 120 миң бала ар кандай себептер менен мектепке барышпастыгын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG