Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

Президент автобус берүү аземине катышты


«Биз мындан ары да жарандарыбыздын татыктуу жашоосун камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык иштерди аткармакчыбыз”, - деди президенти Курманбек Бакиев бүгүн Бишкек шаарынын мэриясына жүргүнчүлөр автобустарынын жаңы партиясын тапшыруу аземи учурунда сүйлөгөн сөзүндө. Ал ошондой эле Кытай Эл Республикасынын жетекчилигине 50 млн. юань өлчөмүндө көрсөткөн грант түрүндөгү жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Бул каражатка 183 автобус алынып келинип, анын отузу Ош шаарында ишке киргизилмекчи. Мамлекет башчысы жаңы автобустардын ишке киргизилиши жолдордогу тартипти жөнгө салууга жасалган дагы бир кадам болуп калаарына үмүт артаарын билдирди. Ошондой эле мамлекет башчысы ушул жылдын октябрь айынын аягына чейин баш калаанын өкмөт менен макулдашылган 3 жылдык өнүгүү программасын сунуштоосу зарыл экендигин мэр Нариман Тюлеевдин эсине салды.
Бул иш чарага президенттин администрациясынын жетекчиси Данияр Үсөнов, Кытай Эл Республикасынын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Ван Кайвэнь, Бишкек шаарынын мэри Нариман Түлеев, Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов жана башка расмий адамдардын катышуусу менен башкалаанын эски аянтында өттү.Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG