Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:15

Фермерлер Жалал –Абат облгубернаторуна келишти


Бүгүн облустагы бир топ фермерлер Кошбай Масиров менен жолугуп, буудай он сомдон сатып алынат деген президенттин сөзү аткарылбаганына, мамлекет аны сатып албаганына нааразылыктарын билдиришти. Алардын айтымында, эгин ашыкча жыйналганы менен баасы төрт сомдон ашпай, дыйкандардын мээнети акталбады. Түшүмдү кредитке алган карыздары үчүн банкка төлөп, куру кол калган фермерлер күйүүчү май кымбат болуп атканда, күзгү эгинди кантип айдаарын билбей, айлалары кетип жаткандыгын облус башчысына айтып арызданышты. Губернатор Кошбай Масиров алардын көзүнчө айыл чарба министри менен сүйлөшүп, Искендер Айдаралиев бүгүн өкмөт башчыга кирип, буудайды сатып алуу жөнүндө токтомго кол койдураарын билдирди. (YA)

XS
SM
MD
LG