Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:26

Экономикалык кризистин жаңы толкуну күтүлүүдө


Экономист Аза Миграняндын билдиришинче, Борбордук Азия өлкөлөрүндө анын ичинде Кыргызстанда кризистин экинчи толкуну болушу мүмкүн. “Жай мезгилинин аягында жана күздүн башталышында көпчүлүгү кризис аяктап, Борбордук Азия өлкөлөрүндө экономикалык өсүш байкалып жатканын белгилешкен. Бирок кризис кайсы мамлекеттерде башталса, ошол жактарда гана аягына чыкты. Бизде болсо, ал жыйынтыкталуучу гана этабына келип калды”, - дейт талдоочу. Анын айтымында, региондогу өлкөлөрдө экономиканы стабилдештирүү боюнча жасалган бардык жетишкендиктер өкмөттүн макроэкономикалык жөнгө салуу чараларына негизделген. Ошондуктан кризис менен күрөшүүнүн жыйынтыгы ар бир өлкөнүн каржылык жана экономикалык жактан бекем болушунан көз каранды. Кризистин экинчи толкунунан кайра эле Казакстан көп жабыркашы мүмкүн. Аза Миграняндын болжолунда, кризистин жаңы толкуну Борбор Азияда үстүбүздөгү жылдын аягында сезилиши мүмкүн. (AzK)

XS
SM
MD
LG