Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

№62 мектепте кыргыз тили сабагы кыскартылдыбы?


Бишкектин Октябрь районундагы №62 мектепте кыргыз тил сабагынын сааты кыскарганы тууралуу аталган мектепке үчүнчү класска уулун алып барган атын атагысы келбеген шаар тургуну "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, мамлекеттик тилдин 20 жылдыгы расмий белгиленип жатканда шаар мектептеринде кыргыз тилинен сааттардын кыскарышы мамлекеттик саясатка каршы келет. Ал эми № 62 мектептин катчысы Светлана Мжазиа бул маалыматты четке какты. Анын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, аталган мектеп орус тилдүү мектеп жана анда кыргыз класстары жок. Бирок кыргыз тили сабагы талапка ылайык, программа боюнча толук кандуу окутулуп келет.( AzK)

XS
SM
MD
LG