Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:53

Журналист Политковскаянын өлүмү кайра тергелет


Орусиянын Жогорку соту“Новая газетанын” журналисти Анна Политковскаянын өлүмү боюнча ишти кайра тергөө үчүн прокуратурга жөнөтүүнү караган чечимин бүгүн чыгарды.

Муну менен сот Политковскаянын үй –бүлөсүнүн арызын канаатандырды. Алар журналистти өлтүрүрүүнү буюругандарды табуу үчүн кайра тергөөнү талап кылышкан. Кайра тергөөнү Орусиянын прокуратурасы да колдогон.

Кремлдин сынчысы Политковская 2006-жылдын октябрында Москвада, өз үйүнүн кире беришинен атып өлтүрүлгөн. Анын өлүмүнө катышы бар деген шек менен үч адам соттолгон. Эми Жогорку соттун бүгүнкү чечимине кийин буга чейин соттолгон үч кишинин иши журналистти түздөн –түз өлтүргөн адамды жана аны өлтүрүүнү буюругандарды издөө иши менен бириктирилип, кайра каралат.

XS
SM
MD
LG