Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:27

Тажикстанда суу сактагычтардын коопсуздугу талкууланууда


Үч күндүк конференция бүгүн башкаала Душанбеде ачылды жана чет элдик журналисттердин ага кирүүсүнө уруксат берилген жок.

Жыйындын катышуучулары Тажикстандын чыгышында 1911 - жылкы катуу жер титирөдө дарыянын бөгөлүп калуусунан кийин пайда болгон Сарез көлүнүн, ГЭСтердин Орусия тарабынан курулган суу сактагычтарынын коопсуздугу өңдүү маселелерди талкуулайт.

Сарез көлү Тажикстан үчүн суунун өтө маанилүү булагы. Бирок кокус дагы бир катуу жер титирөө болсо тосмо бузулуп, эбегейсиз өлчөмдөгү суу Борбор Азиянын түштүк –чыгышын жана Ооганстандын түндүк-чыгышын каптап кетеби деген кооптонуу бар.

Ал ГЭСтердеги суу сактагычтардын коопсуздугу Орусиянын Саяно-Шушенск ГЭСинде өткөн айда орун алган кырсыктан кийин тынчызданууларды жаратууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG