Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:21

Кыргызстанда аялдар радикалдуу диний агымдарга тартылышууда


Эл аралык кризис тобу бир катар иликтөөлөрүнөн кийин ушундай жыйынтык чыгарган. Аталган топтун кечээ тараткан маалыматына ылайык Кыргызстанда аялдарга социалдык-экономикалык жактан тиешелүү түрдө көңүл бурулбаганына байланыштуу алар радикалдуу диний агымдарга тартылып жатышат. Ушул тапта Кыргызстанда тыюу салынган Хизб-ут-Тахрир экстремисттик диний агымдын 8 000 мүчөсү бар болсо, алардын дээрлик 15-20% аялдар түзөт деп айтылат маалыматта. Эл аралык кризис тобу мамлекет коомдук жана эл аралык уюмдар менен биргеликте динге ишенген аялдарды ар кандай коомдук иштерге, мисалы миграция, балдар, таза суу сыяктуу түрдүү долбоорлорго тартууга тийиш деп белгилейт. Ошондой эле маалыматта эгерде кыргыз өкмөтү динге ишенген аялдар маселесине олуттуу мамиле кылбаса, Хизб-ут-Тахрир сыяктуу радикалдык диний агымдардын күч алуусуна гана алып келет, анткени аялдардын мындай агымга азгырылуусу келечекте алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, балдарынын да мындай агымдарга мүчө болушуна алып келет, деп айтылган.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG