Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:04

“Боинг-737” учагы учууга жараксыз болгон


КР жарандык департаменти жана «Итек-Эйр» аба компаниясынын Кыргызстандын “учуу коопсуздугун камсыздоо тууралуу” мыйзамын бузгандыгы 2008-жылдын 24-августунда Боинг-737 учагынын кыйрашына алып келген негизги факторлордун бири болгон. Мындай жыйынтыкка аба адистеринин демилге тобу мамлекеттер аралык аба комитетинин илктөөсүнө кошумча жүргүзгөн иликтөөдөн кийин келишкен. Аба адистеринин демилге тобунун бул корутундусу «Боинг-737» учагынын кыйрашына байланыштуу кечээ Биринчи Май райондук сотунда каралган сот ишинде сотко тапшырылды. Анда белгиленгендей «Боинг-737» учагы бийиктикти метрлик бирдикте өлчөөчү приборго ээ болгон эмес, ал эми фут бирдигинде өлчөнгөн бийиктикти метрге салыштырып санап чыгуу убакытты талап кылат. «Бул конуу учурундагы операцияларды жүргүзүүдө убакытты алат, ал эми учакты өтө тез ылдамдыкта башкаруу учурунда аны санап чыгуу мүмкүн эмес. Ошондуктан, бийиктикти фут бирдигинде өлчөп көрсөтүүчү прибордун көрсөткүчүн экипаж салыштырмалуу бийиктикке алмаштырып кабыл алат да, конууну уланта берет. Учуу коопсуздугун сактоо үчүн учкучтар бийиктикти метр бирдиги менен көрсөтүп турган көрсөткүчтөрдү көрүүгө жана алардын көрсөтмөсү менен иштөөгө тийиш. «Боинг-737» учагында мына ушул прибордун жоктугуна карабай КР жарандык аба департаменти учакка жарактуу деген сертификат берип койгон,» деп айтылат иликтөө жыйынтыгында.

Ишти карап жаткан сот аба адистеринин демилге тобу жүргүзгөн иликтөө корутундусун кылмыш ишинин жалпы материалдарына тиркөөгө макулдугун берди.

Белгилүү болгондой өткөн жылы 24-августта Бишкекке жакын жерде Бишкек-Тегеран каттамындагы «Боинг-737» учагы кыйроого учурап, андан 65 адам каза болгон. Учактын экипажы аман калган. Алгачкы иликтөөлөр "учак техникалык жактан оң болгон, күнөө экипаждын мүчөлөрүндө" деген корутунду чыгарып, учкучтар Юрий Гончаров менен Тимофей Водолагиндин үстүнөн «Кыймыл коопсуздугунун жана аба транспортун пайдалануунун эрежелерин бузгандыгы үчүн» деген айып менен кылмыш иши козголгон.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG