Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:15

Ооганстандын түндүгүндө ири жарылуу болду


Ооган бийликтеринин ырастоосунда, өлкөнүн түндүгүндө НАТОнун аба соккусунан күйүүчү май ташыган цистерналар жарылып, бир топ адам, анын ичинде карапайым тургундар набыт кетти. Окуя талип согушкерлери басып алган цистерналардагы майды элге таратып жаткан кезде болгон. НАТО Кундуз вилаейтинде козголоңчуларга каршы абадан сокку урганын бышыктап, жайкын тургундар арасындагы жоготуулар жөнүндөгү маалымат текшерилип жатканын маалымдады. Жергиликтүү тургундар эл май алып жаткан кезде согуш учагы цистерналарды аткылап, ири жарылуу болгонун айтышууда.

Кундуз вилайетинин губернатору Мохаммад Омар бери дегенде андан 90 киши өлгөн болушу мүмкүн деп билдирди. “Азаттыктын” ооган кызматынын кабарчысы маалымдагандай, Кундуз ооруканасына жеткирилген адамдардын көбү жайкын жашоочулар өңдөнөт. Буга чейин да эл аралык күчтөрдүн чабуулдарынан бейкүнөө адамдар жабыркап, оогандар арасында катуу нааразылык пайда болгон. НАТО жана АКШ аскерлеринин Ооганстандагы жаңы кол башчысы генерал Стэйнли МакКристал карапайым тургундар арасындагы жоготууларды алдын алууну стратегиясынын негизги бөлүгү катары белгилеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG