Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:27

Үрүмчүдө демонстрацияларга тыюу салынды


Кытай өкмөтү Шинжаң автономиялуу районунун борбору Үрүмчү шаарында уруксат берилбеген нааразылык чараларын, жүрүш, демонстрацияларды өткөрүүгө тыюу салды. Анын алдында нааразылыгын билдирип көчөгө чыккан жүздөгөн адамды полиция күч менен таркаткан. Күбөлөрдүн айтымында, демонстранттардын көбү кытайлар болчу жана алар коопсуздук чараларын күчөтүүнү талап кылышкан. Үрүмчүдө адамдарга шприц менен кол салуу фактылары бир нече ирээт катталганы кабарланган эле. Кытайлар ал үчүн уйгурларды күнөөлөшүүдө. “Синхуа” агенттиги коопсуздук кызматы демонстранттарга каршы жаш агызчу газ колдонгонун маалымдады. Мындан 2 ай мурун Үрүмчүдө кытайлар менен уйгурлардын кагылышынан 200гө жакын киши каза тапкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG