Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:45

Венесуэланын президенти Иранда жүрөт


Уго Чавес Тегеранга Ирандын ага өнөктөш өкмөтү менен сүйлөшүү жүргүзүү үчүн келди. Ассошейтед пресс агенттигинин кабарчысынын билдиргенине караганда, ал Тегеранга келген соң 12- июндагы президенттик шайлоодон кийин “батыш күчтөрү” өлкөнү дестабилдештирүүгө аракеттенгенин белгилеп, Иран бийликтерин ага каршы тура алганы үчүн мактады. Венесуэла президенти Иранга Сириядагы визитинен соң бары. Сириядагы болгон учурунда ал Израилдин өкмөтүн палестиндерге жасаган мамилеси үчүн жана америкалык империализмдин агенти кызматын аркалап жатат деп айыптады. Чавес окендын бери жагындагы бул жолку сапары учурунда Орусия менен Беларуска токтоору да күтүлүүдө.

Бул аралыкта кечээ Чавеске каршы Латын Америкасында өткөн нааразылык акцияларына миңдеген адамдар катышты. Демонстрациялар Венесуэланын өзүнөн тышкаары ага коңшу Колумбиянын ири шаарларында, Гондураста, Эквадордо, Аргентинада, Чилиде, АКШдан Нью-Йорк менен Майамиде жана испан башкааласы Мадридде болгон. Демонстранттар Чавести Колумбиянын ички иштерине кийлигишип жатканы, Венесуэлада авторитардык бийлик орноткону жана башка жоруктары үчүн айыпташты.

XS
SM
MD
LG