Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

Ак үй Ооганстандагы соңку бомбалоого камтамачылыгын билдирди


Анткени Талибандын согушкерлери карактап кеткен, күйүүчү май тарткан автоунааларга абадан жасалган сокку учурунда жөн-жай оогандар да каза тапкан деген маалыматтар айтылууда. Ак үйдүн басма сөз катчысы Роберт Гиббс Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясынын аймагында кечээ орун алган бул окуя учурунда кокус жөн-жай тургундар каза тапкан болсо, АКШ өкүнөрүн белгиледи. НАТО бул аба соккусу кандай жагдайларда жасалганы боюнча толук иликтөө жүргүзөрүн билдирди. НАТОнун башкатчысы Андерс Фог Расмуссендин айтымында, күйүүчү май тарткан автоунааларды карактаган талиб согушкерлери жок кылынды, бирок ал чабуул учурунда жөн-жай тургундар да жабыр тартканы тууралуу маалыматтар бар экенин моюнга алды. Ооган расмий өкүлдөрүнүн айтымында, аба соккусу учурунда 90го жакын киши каза тапкан болуусу мүмкүн. Ооган президенти Хамид Карзай өз билдирүүсүндө жөн-жай тургундарды бутага алуу “кабыл алынгыс” экенин белгилеп, окуяны иликтөө боюнча комиссия түзөрүн жарыялады.

XS
SM
MD
LG