Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:39

Ошто орозодо мас айдоочулар көбөйдү


Ош шаардык жол кыймылы коопсуздугу бөлүмүнүн тескөөчүсү Разак Жороев «Азаттыкка» кабарлашынча, орозо башталгандан бери Ислам динин катуу тутунган аймакта мас айдоочулардын саны тыйылган жок, тескерисинче, көбөйдү. Күн сайын төрт-бештен кем эмес адам машинасын алагүү абалында башкарып баратканда кармалууда. Алардын бардыгынын иштери сотко жөнөтүлүп, учурда акчалай айып салуу жана айдоочулук укугунан ажыратуу маселелери чечилүүдө.

Антсе да, жергиликтүү талдоочулардын пикиринче, жол кыймылы коопсуздугу кызматы калк арасында үгүт-насаат иштерин такай жүргүзбөйт. Көпчүлүк мезгилде авто кырсыктуу жагдай жараткан айдоочуларга каршы күрөшүп, кейиштүү окуялар туурасында маалымат таратуу менен чектелүүдө. Ошондуктан, туруктуу рейд уюштуруп, мындай иш-чараларга коомчулук өкүлдөрү арбыныраак чегерилсе, мас айдоочулардын саны азаймак. (ATo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG