Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:08

Жалал-Абат: «Ата Мекен» партияларды таразалады


Партиянын Жалал-Абаттагы жаштар канаты саясий уюмдардын эл ичиндеги кадырын сураганда , 500 тургундун бири да « Асаба» жана « Эркиндик» партияларына баа бербеген. Анда 40 баа менен «Ата Мекен» алдыга чыгып, кийинки орун “Ак жолго” тийген. Кыргызстан компартиясы СДПдан алдыда. «Ак шумкар» менен «Ар-намыска» ондон баа коюлган. Жаштар сураштырган Ноокен районунан 50 адам партиянын лидери Ө. Текебаевге 222 балл койгон. Президент К. Бакиев 174 балл алган. СДП төрагасы А.Атамбаев үчүнчү болуп, «Ак шумкардын” төрагасы Т. Сариев менен БЭКтин штаб башчысы А. Бекназаровдун баалары 90 баллга жетпеген. ЖК депутаттары Р. Отунбаева менен Б. Бешимовдон кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы А. Мадумаров калган. Сурамжылоого «9 саясатчыга кандай баа бересиз?» деген да собол коюлган эле. (YA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG