Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:16

Македония аза күтүүдө


Өлкө 6- сентябрды аза күтүү күнү катары эскилиги жеткен жана эл ашыкча түшүп алган кеме Македониянын Охрид көлүндө чөгүп кеткен соң жарыялады. Андан болгариялык 15 турист каза таап, жүргүнчүлөрдүн 42си суудан аман –эсен алынып чыккан. Кырсык жээкке 200 метр калганда болду. Полициянын айтымында, эл көп түшүп алган кеме экиге ажырап, тез эле чөгүп кеткен. Кабарларга караганда, чөккөн кеме 1924 –жылы курулган экен. Окуядан соң Македониянын транспорт министри Миле Янкиевски кызматынан чегинди. Болгария да өзүндө алдыдагы дүйшөмбүнү аза күтүү күнү катары жарыялады.

XS
SM
MD
LG