Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:55

Үрүмчүдөгү кырдаал аба каттамдарга таасир эткен жок


Эл аралык Манас аба майданынан "Азаттыкка" билдиришкендей, Үрүмчү шаарына учкан жана ал жактан келген учактардын жадыбалы үзгүлтүккө учураган жок. Аталган шаарды кытай аскерлери катуу кайтарууга алганы буга чейин кабарланган. Кыргызстандагы уйгурлардын диаспорасынын башчысы Дилмурат Акбар Үрүмчүдөгү кырдаалдан улам ал жактагы туугандар-жакындары менен байланыш үзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирген. Кытайлардын шаардагы баш аламандыгынан беш адам мерт болгон. Ханзулар шаарда ийне менен кол салуу фактылары орун алып жатканына нааразылык билдирип чыгышкан болчу. Эки ай мурун кытайлар менен уйгурлар кагылышып эки жүздөй адам өлгөн. Кыргызстандагы уйгурлардын уюму Үрүмчүдөгү улутташтарынын абалына тынчсызанып кыргыз президентине жана Улуттар Уюмунун баш катчысына кайрылуу жолдошкон болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG