Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:04

Пакистанда үч полицейди атып кетишти


Окуя башкаала Исламабаддан батыш тарапта жайгашкан Хасан Абдал шаарчасында болгон. Полиция өкүлүнүн айтымында, темир жолдогу көпүрөдө күзөттө турган үч полицейдин ар бирине башына бирден ок жеген. Мындан улам аларды уктап жатканда атып кетишкендей. Кол салуу үчүн азырынча эч ким жоопкерчилик ала элек.

Пакистан өкмөтү быйылкы жыл ичи Талибан менен күрөштө бир катар аскерий ийгиликтерге жетиштик деп ырастаган. Анткен менен кол салуулар бүткүл өлкө боюнча уланууда. Өзгөчө кооптуу аймак өлкөнүн Ооганстан менен чектеш түндүк – батыш тарабы.

XS
SM
MD
LG