Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:57

Венесуэланын президенти Түркмөнстанга келди


Уго Чавес Ашхабадга бүгүн Ирандагы сапарын аяктаган соң келди. Кабарларга караганда, эки тарап энергия чөйрөсүндөгү кызматташтыкка байланышкан маселелерди талкуулачыдай. Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Венесуэла лидери менен сүйлөшүүлөр өз ара пайдалуу байланыштардын өнүгүүсүнө негиз түзөрүнө үмүттөнүүсүн билдирди. Түркмөнстан Борбор Азиянын эң ири газ өндүрүүчүсү болсо, Венесуэла - Түштүк Американын газ коруна эң бай мамлекети. Венесуэла президенти Орусиянын мунай экспорттоочулардын ОПЕК уюму сыяктуу газ өндүрүүчүлөрдүн да эл аралык картелин түзүү сунушун колдогон. Быйыл жыл башында эки ортодогу пикир келишпестикетерге байланыштуу Түркмөнстандын Орусияга газ экспорту үзгүлтүккө учурган.

XS
SM
MD
LG