Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:15

НАТО бомбалоодо оогандар жаракат алганын ырастады


Америкалык генерал Стэнли МакКристал ушул жума күнү Ооганстандын түндүгүндөгү Кундуз провинциясында АКШнын учактары аскерий өкүлдөр май тарткан унааларды карактап кеткен талибдер деп ойлогондорго сокку урганын билдирди. Германиянын Кундуздагы аскерлеринин өтүнчү менен жасалган аба соккусу учурунда өлгөндөрдүн жалпы саны, ооган расмий өкүлдөрүнүн сөзүнө караганда, 90го чейин жетет. Бирок алардын канчасы талиб согушкери, канчасы каракталган цицтерналардан май алуу үчүн келген кыштак тургундары экени али так белгисиз.

НАТОнун Ооганстандагы күчтөрүнүн командачысы, генерал МакКристал ошол бомбалоодон жаракат алгандар арасында жөн-жай тургундар бар экенин ырастады жана окуя боюнча толук иликтөөнүн жыйынтыгын ооган эли менен бөлүшүүнү убада кылды.

Кечээ кечинде ооган телесинен берилген сөзүндө генерал МакКристал бул маселе “өтө олуттуу” мамиле жасарын айтты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG