Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Ооганстанда добуштардын үчтөн бири эсептелди


Ооганстанда 20-августта өткөн президенттик шайлоодогу добуштардын 75 пайызы эсептелди. Ага ылайык, учурдагы президент Хамид Карзай 48.6 пайыз добуш менен алга озуп чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоодогу 4 миллион 300 миң добуш жарактуу деп табылган. Хамид Карзай алардын 2 миллионун алган. Карзайдын негизги атаандашы, мурдагы тышкы иштер министри Абдулла Абдулла 31 пайыз добуш алды. Ал аралыкта 450 шайлоо чөлкөмүндөгү добуштар бурмалоолорго байланыштуу жок кылынды. Жалпысынан шайлоодогу мыйзам бузуулар боюнча 2 миңге жакын арыз-даттануулар түшкөн.

XS
SM
MD
LG