Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:07

ОШ шаарында студенттер митингге чыгышты


Ош мамлекеттик университетинин медициналык факультетинин 150гө чукул студенти аталган окуу жайдын жанында митингге чыгышты. Алар университеттин жетекчилигинен учурда окуп жатышкан имараттан мурдагы корпуска көчүрүүнү, факультеттин материалдык техникалык базасын чыңдап берүүнү талап кылышууда. Медфакта контрактык негизде окуган студенттер жылына 30 миң сом төлөшөт. Азыр окуу жайдын жетекчилигинин студенттер менен чыгып сүйлөшүүсү күтүлүүдө. Бул тууралуу Оштогу кабарчыбыз Жанар Акаев билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG