Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:42

Окуучулар формасы боюнча сот болот


Бишкектин райондор аралык соту “Балдар укугун коргоочулар лигасынын” окуучулар формасы боюнча доо арызын 11-сентябрда карайт. Укук коргоочулар мектеп окуучуларын милдеттүү түрдө форма кийүүгө өткөрүү боюнча өкмөттүн жардыгын Баш мыйзамга каршы келет, деп сотко кайрылышкан. Аталган уюмдун жетекчиси Назгүл Турдубекованын “Азаттыкка” билдиришинче, бул иш-аракеттер балдардын билим алуу укугун чектейт. Ушунун айынан өлкөдө мектепке барбай калган балдар саны кескин көбөйүп кетиши ыктымал. Билим министрлиги учурда формага байланыштуу проблема жокутугун, мектептердеги кенже класс окуучулары жүз пайыз форма менен камсыз болгонун билдирген. (EBM)

XS
SM
MD
LG