Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:05

Жалал-Абатта ВИЧ илдеттүүлөр көбөйүүдө


Облуста иммундук таңсыктык илдетине чалдыккандар 2006- жылдагыдан бир жарым эсеге өстү. Быйыл 48 оору катталып, ВИЧ илдеттүүлөрдүн саны 269 кишиге жетти. Алардын басымдуу бөлүгү кеселди ийне аркылуу жуктурган. Эксперттер оорулуулар мындан он эсе жогору болушу мүмкүн деп болжошууда. Дартмандар менен секс кызматкерлери аларга жумушсуздук менен начар турмуштун айынан ооруга чалдыкканын билдиришкен. Кесел Кыргызстанда башталгандан ( 1997- жылдан) бери СПИДден 35 адам көз жумган. ВИЧ илдетине каршы алдын – алуу иштерин СПИД менен күрөшүүчү облустук борбор жана « Дени сак муун», «ТАИС + 2 » коомдук бирикмелери жүргүзүүдө. Аталган уюмдардын маалыматында секс кызматкерлеринин укугу бузулган учурлар аз эмес. (YA)

XS
SM
MD
LG