Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Президент транзиттик жүк ташуучу борборго барат


Өлкө башчысы Курманбек Бакиев 11-сентябрда “Манас” эл аралык аба майданындагы транзиттик жүк ташуучу борборго баруу ниетинде. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Эске салып кетүүчү нерсе, Ооганстанга аба транспорттору менен жүк ташып жеткирүү максатында 2001-жылдын декабрында “Манас” аба майданында коалициялык күчтөрдүн аскерий аба базасы түзүлгөн. Президент Курманбек Бакиев 3-февралда Орусияга жасаган иш сапары учурунда АКШ баштаган антитеррордук күчтөрдүн “Манас” аба базасын Кыргызстандан чыгаруу тууралуу чечимди кыргыз өкмөтү кабыл алгандыгын жарыялаган. 2009-жылы 19-февралда Жогорку Кеңеш бул боюнча кыргыз өкмөтү менен АКШнын келишимин жокко чыгарган. Үстүбүздөгү жылдын 22-июнунда “Манас” аба базасын башкача өзгөртүп Кыргызстан менен АКШ өкмөтү “Манас” эл аралык аба майданында Ооганстанга жүк ташуу боюнча транзиттик-логистикалык борбор түзүү тууралуу келишимге кол коюшкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG