Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:11

Таласта картошканы кайра иштетүүчү завод курулат


Бүгүн Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер жана парламент аралык мамилелер комитети Таласта картошканы кайра иштетүүчү кыргыз-индия биргелешкен заводун куруу тууралуу келишимди жактырды. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Искендербек Айдаралиев парламентте Индия бул ишкананы куруу үчүн грант түрүндө Кыргызстанга 200 миллион АКШ доллар өлчөмдөгү каражат бөлөрүн билдирди. Министрдин маалымдашынча, завод жылына бир тоннадай чипсы - кытыраган картошка чыгарып турат, ал өлкөнүн өзүн камсыздаганга жана башка мамлекеттерге жөнөтүп турганга да жетет. (EBM)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG