Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:08

Еврошаркет тобу Түркия боюнча докладын жарыялады


Нобель тынчтык сыйлыгынын лауреаты Мартти Ахтисаари Түркиянын мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөрдү создуктуруп жаткандыгы үчүн Европа биримдигин айыптады. Финляндиянын мурдагы президенти шаркет бир катар мүчө-мамлекеттердин каршылыгына байланыштуу 2005-жылы башталган сүйлөшүүлөрдү жаңылантууга тийиш деп белгиледи. Ахтисаари биримдиктин мурдагы лидерлери, тышкы иштер министрлер жана башка расмий адамдардан турган Түркия боюнча көз карандысыз топту жетектейт. Комиссия бул маселе боюнча бүгүн экинчи докладын жарыялады. Түркиянын мүчөлүгүнө Франция, Германия, Кипр жана Греция каршы болууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG