Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:06

БЭК 11-сентябрда акция өткөрөт


Бириккен элдик кыймылдын жыйыны жабык эшик артында өтүп, анда жумушчу топ тарабынан сунушталган үй-бүлөлүк башкарууга каршы концепция саясий кеңешке сунушталды. Ошондой эле саясий куугунтукка каршы туруу, президенттик шайлоодо камалгандарды абактан бошотуу маселеси, БЭКтин алдыдагы иш пландары талкууланды. Бул маселе боюнча сунуштар БЭКтин саясий кеңешинде 9-сентябрда кайрадан каралат. БЭКтин мүчөлөрү 11-сентябрда Балыкчы шаарына президенттик шайлоодо камалгандардын сотуна барып катышып, аларды колдоо боюнча жалпы республикалык акция өткөрүү чечимин кабыл алышты. Жыйынга Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөлөрү Азимбек Бекназаров, Алмазбек Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Исмаил Исаков, СДП фракциясынан депутаттар Роза Отунбаева, Иса Өмүркулов катышты. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG