Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:53

Президентке элчилер ишеним грамоталарын тапшырды


Бүгүн өкмөт үйүнүн Ак залында президент Курманбек Бакиевге ишеним грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү. Ишеним грамоталарын алты мамлекеттин атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчилери: Шри-Ланканын элчиси Джаялат Вираккоди, Куба Республикасынын элчиси Абелардо Фабио Эрнандес Феррер, Кипр Республикасынын элчиси Петрос Кесторас , Испания Королчулугунун элчиси Альберто Антон Кортес мырза, Сербия Республикасынын элчиси Елица Куряк айым, ошондой эле Казакстан Республикасынын элчиси Бейбит Исабаев тапшырды.

Аземдин катышуучуларынын алдында сүйлөгөн сөзүндө Президент Курманбек Бакиев Элчилерди Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин расмий башталышы менен куттуктады. «Кыргызстанда маанилүү саясий окуя – Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо болуп өттү. Анын натыйжалары Кыргызстандын эли өлкөдө болуп жаткан реформаларды жана жаңылануу курсун колдой тургандыгын айкын көрсөттү. Сиздер Кыргызстанда боло турган толук кандуу өзгөрүүлөргө жана прогрессивдүү реформаларга күбө гана болбостон, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү аркылуу өлкөбүздүн туруктуу демократиялык жана экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууга жеке салымыңыздарды да кошосуздар деп ишенем”, - деди К.Бакиев.

Андан соң мамлекет башчысы Кыргызстандын аталган өлкөлөр менен болгон кызматташуусунун негизги аспектилерине токтолуп, кыргыз өкмөтү элчилердин кыргыз жериндеги дипломатиялык ишине бардык зарыл болгон көмөгүн көрсөтө тургандыгын баса белгиледи. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG