Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:28

Карыялар милициянын 102 кызматы менен таанышат


11-сентябрда жашы улгайган шаар тургундары милициянын 102 ыкчам чара көрүү борборуна экскурсия жасашат. Бул иш чаранын негизги максаты- милиция менен кары адамдардын ортосундагы байланышты күчөтүп, өз ара ишенимди жогорулатуу болуп саналат. Экскурсиянын жүрүшүндө карыялар бардык кызыктырган суроолоруна жооп ала алышат. Борбордун тажрыйбалуу кызматкерлери кары адамдардын коопсуздугу боюнча пайдалуу кеңештерин беришет.
Иш чара Бишкектеги ОБСЕнин борбору, HelpAge International уюму жана шаардык ички иштер башкармалыгы тарабынан уюштурулуп жатат.(AzK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG